• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Түркиядан Кыргызстанга 30 кг күмүш зер буюмдарын мыйзамсыз алып өтүү аракети жасалды - БК

Укук тартиби 0

Бишкек, 14-апрель. /Кабар/. “Манас” бажысынын кызматкерлери тарабынан Түркиядан 30,9 кг өлчөмдөгү жалпы суммасы 1 млн 139 миң 593 сомдук күмүштү мыйзамсыз ташуу аракети токтотулду.

Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, "Манас" эл аралык аэропорту аркылуу жүктү алып өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жараны Р.А. кармалды. Бул факт боюнча топтолгон бардык материалдар карап, чечим чыгарууга КРнын Башкы прокуратурасына берилди.

Пикир

Оставить комментарий