• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркияга жаш кызды сексуалдык кулчулукка сатты делген аял кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.09.22. /Кабар/. Түркияга жаш кызды сексуалдык кулчулукка сатты делген аял кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына Түркияга жумушка орноштуруу шылтоосу менен жаш кызды жиберген аял тууралуу маалымат түшкөн. Кийин чет өлкөгө чыккан кыз адам сатуунун курмандыгы болуп, сексуалдык эксплуатацияга дуушар болгону такталган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (“Адамдарды соодалоо”) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам тергөө иш-чараларын жүрүшүндө шектүү катары 31 жаштагы Ж.К. аттуу аял кармалган. Анын чет өлкөгө адамдарды сексуалдык кулчулукка сатуу аракетине бөгөт коюлду.

Соттун чечими менен кармалган жаранга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Учурда адамдарды сатуу фактысы боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий