• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Ата районунда үй тоноого шектүүлөр кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.02.21. /Кабар/. Ысык-Ата районунда үй тоноого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын декабрь айынын ортосунда Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү 46 жаштагы жашоочу арыз менен кайрылып, Люксембург айылында жайгашкан үйүнө белгисиз бирөөлөр кирип, телевизор, ноутбук, телефон жана автоунаанын төрт дөңгөлөгүн дисктери менен уурдап кетишкенин билдирген.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталаган.

Чүй облустук ИИББинин жаран Ысык-Ата РИИБинин криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 26 жаштагы М.Т. жана 21 жаштагы К.Б. аттуу жарандар кармалды.

Учурда кармалган жарандардын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий