• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ кызматкерлери окуудан өтүшүүдө

Коом 0

Бишкек, 26-май /Кабар/. 2017-жылдын 23-25-май күндөрү Бишкек жана Ош шаарларында өзгөчө кырдаал түшүнүгү боюнча Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун кызматынын өкүлдөрү окутулду. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Окуулар “өзгөчө кырдаал түшүнүгү, анын классификациясы, Жарандык коргонуу жаатында жалпы түшүнүк, мыйзамдары жана укуктук-ченемдик базалар, Жарандык коргоонун мамлекеттик тутуму жана алардын иштөө режимдери, биридиктүү мамлекеттик нөөмөт-диспетчердик кызмат “112” жана башка темалар боюнча үйрөтүлдү.

Бул окутуу комплектөө пландын негизинде Жарандык коргонуунун кызматынын республикалык, облустук андан тышкары Бишкек, Ош шаарлары, райондук кызматтарынын штаб башчылары менен өткөрүлдү.

Аталган окуулар практика түрүндө бышыкталып. Жарандык коргонуунун кызматары объекттерге чыгып топко бөлүнүшүп практика жүзүндө иштешти.

Пикир

Оставить комментарий