• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте эми велосипед жана самокаттарды ижарага алууга болот

Коом 0

Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу боюнча департаменти “Велошеринг – эс алуунун жакшы жолу” пилоттук долбоорун баштайт.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, долбоор Бишкек шаарындагы жол тыгындарын азайтуу, ошондой эле сергек жашоо образын жайылтууга багытталган.

"Июль айынан тарта мобилдик тиркеме аркылуу велосипед, самокат жана электросамокаттарды ижарага алууга болот. Борбор калаанын мэриясынын тапшырмасы менен Муниципалдык менчикти башкаруу боюнча департаменти экологиялык транспортту ижарага берүү боюнча 80 ижара жайын уюштурат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий