• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто айыл өкмөттүн жер боюнча адиси пара менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. 28-июнда Ош облусунун Кара-Суу районунун айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ыкчам маалымат боюнча, кармалган жаран жер тилкеси үчүн бардык документтерди берүү үчүн жергиликтүү тургундан 40 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

Көрүлгөн чаралардын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк региону боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун Мады айылынын айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси 1969-жылы туулган С.Р., өзүнүн иш бөлмөсүнөн 10 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 251-беренеси ("Кызматчынын сый акыны мыйзамсыз алуусу") менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аныкталгандай, шектүү жабырлануучудан мурда 30 миң сом алган.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий