• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коррупцияга каршы кызматтын калп кызматкерлери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.10.19. /Кабар/. Өздөрүн УКМКнын Коррупцияга каршы кызматтын кызматкери деп тааныштырып, жеке ишкерден акча талап кылган эки жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

УКМКдан билдиришкендей, 27-октябрь күнү Ш.А. аттуу жеке ишкерден 1 миң доллар акча алып жаткан жеринен Б.А. жана И.М. аттуу жарандар кармалышкан. Ал эки жаран өздөрүн УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери деп тааныштырып, бизнесин текшерүүгө алабыз деп коркутуп ишкерден 2 миң доллар акча талап кылышкан.

Кармоо операциясы мындан мурдараак Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүгү ("Акча опузалоо") боюнча каттоого алынган иштин алкагында жүргүзүлгөн.

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

УКМК, кармалган эки шектүүнүн бул өңдүү иштерге катыштыгы болгонун билгендерди (0312) 660475, (0312) 626504 номерлерине кайрылууларын өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий