• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2019-2023-жылдарга карата балыкчылыкты жана аквамаданиятты өнүктүрүү Программасы бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 28.10.19. /Кабар/. 2019-2023-жылдарга карата Кыргыз Республикасында балыкчылыкты жана аквамаданиятты өнүктүрүү Программасы бекитилди. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Балыкчылыкты жана аквамаданиятты өнүктүрүү Программасы өзүнө үч артыкчылыкты камтуу менен, тармактын натыйжалуу иштөөсү үчүн негизги милдеттер, максаттарды, багыттарды жана ыкмалары түзүлдү.

Биринчи артыкчылык – жайыттык балык чарба, майда масштабдуу балык чарба, спорттук жана ышкыбоздук балык уулоо аркылуу балык чарба жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жана өнүктүрүү.

Экинчи артыкчылык – карп жана форель өндүрүүчү чакан жана орто өнөр жай секторун колдоо, ошондой эле кошумча нарк чынжырчасын жана кооперация түзүү учурунда колдоо көрсөтүү аркылуу аквамаданияттын өнүгүшүн камсыз кылуу.

Үчүнчү артыкчылык – экосистемалык ыкманы эске алуучу конкреттүү жана натыйжалуу иш-чараларды жана түзүлүштү оптималдаштыруу багытында, балык чарба комплексин башкаруу системасын жакшыртуу, балык өстүрүүчү материалды жана товардык балыкты өндүрүүчүлөрүн колдоо, жеке менчик сектордун инвестициялоосун өбөлгөлөө.

Бул артыкчылык милдеттери, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан башкарууну жакшыртууга, ченемдик-укуктук базаларды өркүндөтүүгө, бизнес-ассоциациалар менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана алардын дараметин күчөтүүгө багытталган.

Бул артыкчылыктар жеке ишмердүүлүк үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, түзүмдүк өндүрүштү өнүктүрүүнү колдоо, балык чарбанын комплекстүү өнүгүүсүн камсыз кылуу жолу менен негизги ири көлмөлөрдө ишке ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий