• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте унаа уурдаган УКТ мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Криминалдык милиция кызматкерлери унаа уурдаганга шектүүнү кармашты, ал издөөдө жүргөн жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тизмеде турган. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы 27-февралда Бишкек шаардык Биринчи май райондук Ички иштер башкармалыгына 1986-жылы туулган С.У. аттуу жаран арызы менен кайрылып, 2021-жылы 26-февралдан 27-февралга караган түнү белгисиз адам тарабынан Коёнкозов көчөсүндөгү үйүнүн жанында токтоп турган “Хонда Фит” унаасы уурдалганы тууралуу билдирген.

Аталган факт Бишкек шаардык Биринчи май райондук ИИБдин КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Унаа каражатын уурдоо) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Белгиленгендей, Бишкек шаардык ИИББдин Криминалдык милициясынын кызматкерлери тарабынан бул кылмышты жасоого шектүү катары 1986-жылы туулган Г.Т. аттуу жаран кармалган. Ал издөөдө жүргөн жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин тизмесинде турган. Кармалган жаран Биринчи май райондук ИИБге жеткирилип, камакка алынган. Ал эми мындан мурда уурдалган “Хонда Фит” унаасы ээсине кайтарылып берилген.

Азыркы учурда кармалган шектүүнүн башка да мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар же жогун аныктоо боюнча тергөө аракеттери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий