• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Текебаев менен Чотоновдун соту убактылуу токтотулду

Укук тартиби 0

Бишкек, 14-июнь /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун соттук ишин убактылуу токтотту.

Коорупция беренеси менен айыпталып жаткан Текебаев менен Чотоновдун кезектеги соттук процессинде, алардын жактоочулары айыпталуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Жогорку сотко кайрылган.

Буга байланыштуу, Биринчи май райондук сотундагы процесс токтотулган.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура тарабынан “Ата Мекендин” лидери Ө. Текебаевге кылмыш жаза кодексинин 303- (коррупция) жана 166 -(алдамчылык) беренелеринин негизинде иш козголуп, тергөө иши УКМКнын тергөө башкармалыгына тапшырылган.

2017-жылдын 26-февралында Ө. Текебаев жана Д. Чотоновдор козголгон кылмыш иштин негизинде кармалган.

2017-жылдын 27-февралында Ө.Текебаевге жана Д.Чотоновго коррупция беренеси менен айып тагылып, Бишкек шаардык биринчи май райондук соту тарабынан аларды УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармоо чечими чыккан.

2017-жылдын 21-апрелинде тергөөнүн келтирген далилдеринин негизинде Ө. Текебаевге жана Д. Чотоновго Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча айып коюлган.

Пикир

Оставить комментарий