• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК опузалоо боюнча издөөдө жүргөн милиция кызматкерлерин кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.10.23. /Кабар/. Мурда издөөдө жүргөн Ош ШИИБнын кызматкерлери кармалды, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча көрүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлер тобунун курамында Ош облусунун тургунунан опузалап 400 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган ыкчам кызматкер кармалды.

Ош шаардык ИИБнын ыкчам кызматкерлери милициянын капитаны Т.Б.Н., милициянын майору И.И.И., милициянын капитаны Э.С.Э. жана милициянын майору Ж.у.Н. кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деп коркутуу жолу менен Ош облусунун тургуну А.у.С.дан 400 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап алышкандыгы аныкталды.

Үстүбүздөгү жылдын 26-сентябрында көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында 100 миң сом алып жаткан жеринен өнөктөшү жана Ош ШИИБнын ыкчам кызматкери, милициянын майору Ж.у.Н. кармалган. Жыйынтыгында акыркысы УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына киргизилип, калгандарына издөө жарыяланган.

2023-жылдын 3-октябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн чаралардын натыйжасында мурда издөөдө жүргөн Ош ШИИБнын кызматкерлери, милициянын капитаны Т.Б.Н., милициянын майору И.И.И. жана милициянын капитаны Э.С.Э. кармалып, Кыргыз Республикасынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий