• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кулматов менен Ибраимовдун иши боюнча соттук процесс дагы жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.03.19 /Кабар/. Бүгүн, 27-мартта Бишкектин мурдагы эки мэри Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча кезектеги соттук отурум болушу керек болчу. Бирок бүгүнкү отурум дагы жылдырылды.

Эми кийинки соттук отурум 3-апрелде Ленин райондук сотунда өтөт.

Эскерте кетсек, борбор калаанын мурдагы эки мэри "Калыс-Ордо" конушундагы мектептин курулушундагы коррупция фактысы боюнча айыпталууда. Алардын иши бир ишке бириктирилген.

Аталган эки мэрге Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурдагы жетекчиси С.О. жана алар менен ымалага келген жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Алар мамлекетке келтирген зыян 94 млн. 884 миң сом деп бааланууда.

Пикир

Оставить комментарий