• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте коомдук унаадан уюлдук телефон жана акча уурдаган киши кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.03.21. /Кабар/. Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери уурулукка шектүү жаранды кармады.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, 2-мартта саат 22:20лар чамасында "102" кызматына Некрасов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен маршруттук таксинин ичинен уюлдук телефон жана акча уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери жиберилген. Анда маршруткадан 32 жаштагы С.Ж. аттуу аялдын 11 миң сомдук "Редми-7" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана 10 миң сом өлчөмүндө акчасын белгисиз адам жашыруун уурдап кеткен.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 29 жаштагы С.А. аттуу жаранды кармаган. Шектүү Ленин райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүлгөн.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 200-берененин ("Уурдоо") негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий