• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

АКШнын түштүк чек арасына дубал тургузуу үчүн бир миллиард доллар бөлүндү

Дүйнө 0

Бишкек. 27.03.19 /Кабар/. АКШнын Коргоо министрлиги өлкөнүн түштүк чек араларын бекемдөө үчүн бир миллиард долларга жакын каражат бөлөт. Бул акча 90 чакырымга созулган 5 метр бийиктиктеги дубалдын курулушуна жана чек ара аймактарындагы жолдорду оңдоого жумшала турганы айтылууда.

Февралда АКШнын президенти Мексика менен чек арага өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Бул жарлык ага Конгрессти кыйгап өтүп, дубалдын курулушуна каражат алуу үчүн кошумча ыйгарым укуктарды берген.

Конгрессмендер угууларды Ак үйдүн кеңешчи-юристи Пэт Чиполлино менен Юстиция министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүүнү талап кылышкан. Анда алар өзгөчө абал киргизүү тууралуу Трамптын чечимине юридикалык жана каржылык негиздеме бериши керектиги айтылган.

Кийинерээк АКШнын 16 штаты президент Трамп менен анын администрациясындагы жогорку кызматтагы адамдарга каршы жамааттык доо арыз жазышкан. Алар президент Конгресстин каалоосуна карабастан, мыйзамсыз миграцияга байланышкан жасалма «каатчылык» шылтоосун пайдаланганын билдиришкен.

Буга чейин 2019-жылдын бюджетине байланыштуу президент Трамп менен Конгресстин ортосундагы талаш АКШнын тарыхындагы эң узак шатдаунга (өкмөттүн ишинин убактылуу токтошуна) алып келген. Ал тирештин жыйынтыгында Конгресстин Сенаты менен Өкүлдөр палатасы өкмөттүн бюджет долбоорун жактырган. Ага ылайык, чек арага дубал тургузууга 1,5 миллиард доллар бөлүнгөн. Дональд Трамп дубалдын курулушу үчүн алгач 5,7 миллиард доллар сураган.

Пикир

Оставить комментарий