• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргыз-кытай чек арасы бир жумага жабылат

Коом 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери 1-7-октябрь аралыгында жабык болот. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүн майрамдоонун алкагында кытай тараптын демилгеси менен эки өткөрүү бекеттери транспорт каражаттары үчүн убактылуу жабык болот.

“Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери 8-октябрдан тарта ишин жандантат.

Пикир

Оставить комментарий