• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Министр Алтынбек Максүтов дүйнө чемпиону болгон хоккейчилер менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 23.03.23. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов хоккей боюнча III дивизиондогу командалар арасында дүйнө чемпиону болгон Кыргызстандын курамасы менен жолукту.

Министрликтин маалыматына ылайык, Алтынбек Максүтов алгач президент Садыр Жапаровдун куттуктоосун окуп, мамлекет тарабынан учурда спортко өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп өттү.

“Жеңишиңер менен Кыргызстандын желегин желбиретип, мамлекетибиздин аброюн көтөрдүңөр. Хоккей боюнча курама команда түзүлүп жатканда күмөн саноолор болгон. Силер аны жокко чыгарып, физикалык жактан даярдыгыңар, эркиңер менен спорттун бул түрун ушул даражага жеткирдиңер. Силердин бул жеңишиңер көп жаштарга түрткү берип, спорт менен достошуусуна жол ачты десем жаңылышпайм”, - деди ал.

Спортчулар өз кезегинде мамлекет тарабынан колдоо болуп жатканына ыраазычылык билдирип, мындай колдоо аларга шык бере тургандыгын айтышты.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы жогоруда аталган турнирде Иран, Гонконг, Малайзия, Босния жана Герцеговина, Сингапурдун курама командалары менен күч сынашып, III дивизиондогу (“В” тобу) командалар арасында дүйнө чеппиону болгон.

Пикир

Оставить комментарий