• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нью-Йоркто каза болгон кыргызстандыктын сөөгүн мекенине алып келүүгө каражат чогултууга жардам керек

Коом 0

Бишкек, 21-апрель /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Нью-Йорктогу кыргызстандыктар каза болгон мекендешибиздин сөөгүн Кыргызстанга алып келүүгө каражат чогултууга жардам сурашат. Бул тууралуу “Нью-Йорктогу Кыргызстандыктар” фондунан билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, 2017-жылы 20-апрелде Бруклинде (Нью-Йорк штаты) батиринде 1984-жылы туулган Адылбек Калыбеков каза болгон.

“Мекендешибиздин өлүмүнүн себеби азырынча белгисиз, бирок, анын досторунун айтуусу боюнча, ал акыркы күндөрү жүрөгү ооруп жүргөнүн айткан. Кечээ кечки 5те анын сөөгүн кошунасы тапкан. Нью-Йорк полициясы, детективдер жана соттук-медициналык эксперттер анын өлүмүнүн себебин аныктап жатышат”, - деп билдиришти фонддон.

А.Калыбековдун бир туугандары эле калган, ата-энелери мурда каза болушкан. Маркумдун туугандары анын сөөгүн алып келүү жана көмүү чыгымдарын көтөрө алышпайт.

“Биз бардык кайдыгер эмес жарандарды зарыл каражатты чогултууга көмөк көрсөтүүгө чакырабыз жана GoFundMe сайтында портал түзгөнбүз. Акчалар түшө баштады” – деп билдиришти фонддон.

Ошондой эле, бардык каалоочулар аталган сайтка кирип, акча которо алышат.

КР Тышкы иштер министрлигинен бул маалымат текшерилип жатканын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий