• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өткөн жылы мамлекеттик сатып алуулардан 4 млрд 700 млн сом каражат үнөмдөлгөн

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21-апрель /Кабар/. 2016-жылдын жыйынтыгында мамлекеттик органдар 44070 электрондук сынактын негизинде 43 млрд 520 миӊ сомго аргандай сатып алууларды жүргүзүп, натыйжада республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден 4 млрд 700 млн сом үнөмдөлгөн. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын кезектеги жыйынынын жүрүшүндө белгилүү болгондугун парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков азыркы учурда баардык мамлекеттик органдар менен жергиликтүү башкаруу органдарына 1 млн сомго чейинки сатып алууларды, сынаксыз эле жүргүзүүгө уруксат берүү чаралары иштелип чыкканын билдирди. Ал мамлекеттик органдар менен жергиликтүү башкаруу органдары өз бюджетинин 3 пайыз өлчөмүндөгү каражатка да сынаксыз сатып алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлө турганын кошумчалады.

Ошондон улам, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга айрым өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, парламенттин кароосуна коюлуп, мыйзамга «атайын тартип», «улуттук режим», демпингдик баа» деген сындуу бир катар жаӊы түшүнүктөр киргизилүүдө. Анткени, улуттук мыйзамды Евразия экономикалык бирлигинин курамына кирген өлкөлөрдүн мыйзамдарына шайкеш келтирүү милдети турат.

Талкуу жыйынтыгында «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.

Белгилей кетсек, буга чейин бул мыйзам долбоору Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 27-мартта Каржы министрлигинде өткөн көчмө жыйынында да каралып, анын концепциясы жактырылган.

Пикир

Оставить комментарий