• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте ТүркПАга мүчө мамлекеттердеги соода-экономикалык мамилелерди чыңдоо маселеси талкууланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.04.24. /Кабар/. Бишкекте Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясына (ТүркПА) мүчө мамлекеттердеги соода-экономикалык мамилелерди өз ара чыңдоо механизми катары соода миссиялары жана аларды натыйжалуу пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү боюнча семинар өттү.

ТүркПАнын экономикалык кызматташуу комиссиясынын 11-жыйынында ТүркПАга мүчө өлкөлөрдүн эл өкүлдөрү түрк тилдүү мамлекеттердин соода-экономикалык мамилелерин чыңдоо жаатындагы кызматташтыгын кеңейтүү маселесин талкуулашты.

"ТүркПАга мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык мамилелерин чыңдоонун орчундуу механизми катары соода миссиялары жана аларды натыйжалуу пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү - бүгүнкү күндүн актуалдуу темаларынын бири. Тездик менен өнүгүп жаткан мезгилде экономикалык миссиялар маанилүү ролду ойнойт. Анткени алар мамлекеттер, компаниялар жана ар кандай ишкердик менен алектенген субъектилердин ортосундагы экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Атап айтканда, сооданы алдыга жылдыруу, инвестиция тартуу, тажрыйба жана билим алмашууну, дипломатиялык мамилерди чыңдоону жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатат", - деди Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова.

«ТүркПАнын экономикалык кызматташтык комиссиясынын кезектеги отурумунда алгач, капыстан келген табият кырсыгына, суу ташкынына туш болуп, оор кыйынчылыктарды баштарынан кечирип жаткан боордош казак элине сабырдуулук менен кайратмандыкты тилеп, ар кандай оор учурларда кыргыз эли сиздер менен биргеликте», - деди ал.

Ал эми ТүркПанын башкы катчысы Мехмет Сурейя Эр бүгүнкү күндө түрк мамлекеттери өз ара сооданын көлөмүн интенсивдүү түрдө көбөйтүүдө жана алардын ортосундагы соода жүгүртүү 2022-жылдагы 33 млрд АКШ долларынан 2023-жылы 42 млрд АКШ долларына чейин өскөнүн билдирди.

"Мындан тышкары, Туран СЭЗдин өнөр жай аймагы, Түрк инвестициялык фонду сыяктуу экономиканы өнүктүрүүгө, коммерциялык активдүүлүктү арттырууга жана ишкердик долбоорлорду активдештирүүгө багытталган ири долбоорлор түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн биргелешкен экономикалык демилгелерин камтыйт. Бул табигый көрүнүш, анткени түрк мамлекеттеринде өндүрүлгөн товарлардын жана көрсөтүлүүчү кызматтардын ортосундагы атаандаштыксыз экономикалардын бири-бирин толуктоочу структурасына жана өзгөчөлүгүнө ээ, бул дүйнөлүк рыноктордо биргелешип өнүгүүгө жана өз артыкчылыктарын пайдаланууга мүмкүндүк берет", - деди ал.

«Түрк биримдиги – кылымдар бою жалпы тарыхы, маданияты, баалуулуктары жана каада-салттары менен байланышкан элдерибиздин ак ниеттүү эрки. Түрк мамлекеттеринин өсүп бара жаткан кадыр-баркы жана экономикалык күчү биздин өлкөлөрдү дүйнөлүк экономиканын жана геосаясаттын маанилүү компоненти катары аныктайт», - деди Мехмет Сурейя Эр.

Иш-чаранын алкагында өнүгүүнүн жаңы стратегияларын жана соода-экономикалык мамилелерди чыңдоодо инновациялык ыкмаларды колдонуу түрк тилдүү мамлекеттер ортосунда тажрыйба алмашуу каралды.

Пикир

Оставить комментарий