• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР УКМК: Ө.Текебаевге коррупция беренеси боюнча акыркы айып тагылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21-апрель /Кабар/. Жогорку Кеңештин депу таты Өмүрбек Текебаевге коррупция беренеси боюнча акыркы айып тагылды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, 2017-жылдын 21-апрелинде тергөө тарабынан чогултулган далилдердин негизинде КР ЖК депутаты Ө.Текебаевге жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Д.Чотоновго КРнын Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык акыркы айып тагылды.

2017-жылдын 25-февралында КР Башкы прокуратурасы “Ата Мекен” фракциясынын лидери Ө.Текебаевге жана башка адамдарга карата КР КК 303-беренесинин 1-бөлүгүнө (коррупция) жана 166-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарына (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

2017-жылдын 26-февралында козголгон кылмыш ишинин алкагында Ө.Текебаев жана Д.Чотонов көрсөтүлгөн кылмыштарга шектүү катары кармалышкан.

2017-жылдын 27-февралында Ө.Текебаев жана Д.Чотоновго КР Кылмыш кодексинин 303- беренесинин 1-бөлүгүнө (коррупция) ылайык кылмыш иши козголгон. Айыпталуучуларга карата Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунун токтому менен 2017-жылдын 25-апрелине чейин КР УКМК СИЗОдо камакка алуу чечими кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий