• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанга жана Сауд Аравиясына кирүү талаптарын жөнөкөйлөштүрүү маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 31.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 31-майда КР Тышкы иштер министрлигинин Төртүнчү саясий департаментинин директору Авазбек Атаханов Сауд Аравия Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Аль-Ради менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Тараптар кыргыз-сауд кызматташуу маселелеринин кеңири спектрин, атап айтканда ар кандай деңгээлдеги өз ара иш сапарларды уюштуруу, кезектеги Кыргыз-Сауд бизнес форумун жана Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын отурумун өткөрүү, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүү маселелерин талкуулашты.

Келишимдик-укуктук базаны өнүктүрүү максатында тараптар эки тараптуу документтердин долбоорлорун макулдашуу процессин тездетүү жана пландаштырылган визиттердин жана жолугушуулардын жүрүшүндө аларды кол коюуга даярдоо тууралуу макулдашты.

Туризм секторун өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда жүрүү шарттарын жакшыртуу жана Кыргызстанга жана Сауд Аравиясына кирүү үчүн виза талаптарын жөнөкөйлөштүрүү маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында тараптар эки тараптуу байланыштарды бекемдөө үчүн зарыл болгон аракеттерди жасоого даяр экендигин жана туруктуу байланышты сактоого ниеттерин ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий