• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сауд Аравиясында Кыргызстандын продукцияларынын жарманкеси өтөт

Коом 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 24-февралда Сауд Аравия Падышачылыгынын борборундагы “Digital City” шаарчасында Кыргызстандын продукцияларынын биринчи жарманкесинин ачылышы болот. Бул тууралуу КР Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара төрт күнгө созулуп, ага 35тен ашык атамекендик компаниялар катышат.

Кыргызстандын продукцияларынын жарманкеси маданий иденттүүлүк жана туристтик компаниялар менен айкалышып, Сауд Аравиянын борбор калаасынын инновациялык борборун кыргыз даамына батырып, натыйжада атамекендик продукциянын экспортун илгерилетүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

КР Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттиги, Сауд Аравия Падышачылыгынын Суу жана айыл чарба министрлиги, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан, Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчилигинин колдоосу менен ПРООНдун Соодага жардам берүү долбоору тарабынан уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий