• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Террордук ишмердүүлүккө катышкан деп издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. Террордук ишмердүүлүккө катышкан деп издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаран кармалды, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан диний-экстремисттик жана террористтик топтордун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз кирип келген, террористтик ишмердүүлүккө катышкандыгы үчүн издөөдө жүргөн чет мамлекеттердин биринин 1965-жылы туулган М.М.Ф., аттуу жараны кармалды.

Шектүү Кыргызстандын аймагында эл аралык террористтик уюмдардын идеяларын жайылтуу, ошондой эле Кыргызстандын жарандарын азгырып жалдамчылык иштерди жүргүзүп жүргөн.

Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын алкагында кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди

Азыркы учурда ЭТУнун ишмердүүлүгүнө тиешелүү байланыштарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий