• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Нарын районунун кар калың түшкөн алыскы кыштоолоруна тоют жеткирилди

Аймак 0

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. Нарын районунун алыскы Орток, Дөбөлү айыл өкмөттөрүнүн кар калың түшкөн кыштоолоруна тоют жеткирилип, жол каттамы тазаланды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, март айындагы аба ырайынын туруксуз абалынан улам Нарын районунун Орток, Дөбөлү айыл өкмөттөрүнүн алыскы кыштоолоруна барчу жол каттамы жабылган. Ашууларда кардын калыңдыгы 1-1,30 метрге жетип, кыштоодогу малчылар менен байланыш үзүлгөн.

Мындай маалымат түшөөрү менен 24-марттан баштап Жарандык коргонуу кызматы, Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан ыкчам аракеттер көрүлүп, Облустук суу чарба башкармалыгынын жана №8-Жол тейлөө ишканасынын техникалары менен 30 километр жол сүрүлүп тазаланды. Ажыдаар-Уюк аймагына чейин 100 боо чөп, 500 килограмм жем алып барылды. Ал жерден ары техника өтө албагандыктан алып барылган тоют 1-2 километр алыстыктагы Кар-Күркүрөк кыштоосуна ат менен ташылып жеткирилүүдө.

Кечээ, 31-мартта облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев малчыларга тоют жеткирүүнүн абалынан кабар алуу үчүн аталган аймакка жол тартты.

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нуридин Мадимаровдун айтымында, аталган кыштоодо 1 үй-бүлө малчы бар. 149 бодо мал, 10 топоз багылууда. Туруксуз аба ырайынын кесепетинен 9 бодо зыянга учураган. Мындан сырткары Ардакты кыштоосунда малы менен 1 малчы бар.

Кыштоого Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 5 кызматкери жана Орток, Дөбөлү айылдарынын 9 тургуну барып, малчылардан кабар алып келишкен.

Бул ыкчам аракеттерге ӨКМден, №2025 аскер бөлүгүнөн күйүүчү май жана зарыл болгон техникалык каражаттар алынды. Ошондой эле Орток айыл өкмөтүнөн 400 литр, Дөбөлү айыл өкмөтүнөн 150 литр, №8-Жол тейлөө ишканасынан 300 литр күйүүчү май жумшалды.

Пикир

Оставить комментарий