• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда сел кооптуулугу жоюлууда

Аймак 0


Бишкек, 02.09.23. /Кабар/. Жалал-Абадда сел кооптуулугу жоюлууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча сел жана суу ташкындарынан коргоо бөлүмү тарабынан Кара-Үнкүр дарыясынын оң жана сол жээктерин калыбына келтирүү жумуштары жүрүүдө.

Учурда жумуштун дээрлик 80 пайызы бүткөрүлүп, жумуш кызуу жүрүүдө.

Аталган сел тосмолор пайдаланууга берилсе Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун айыл чарба жерлерине жана турак жайларга болгон кооптуулук жоюлат.

Пикир

Оставить комментарий