• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда жаңы жылга карата гарнизондук саптык кароо ѳттү

Аймак 0

Бишкек, 29.12.20. /Кабар/. Бүгүн, 29-декабрда Жалал-Абад шаарынын борбордук Эркиндик аянтында 2021-жаңы жылга карата гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Анын алкагында ички иштер органдарында үлгүлүү кызмат ѳтѳгѳн кызматкерлер, эл аралык жана республикалык деңгээлдеги спорттук мелдештерде ийгиликке жеткендер сыйланды.

Салтанаттуу жүрүштүн алдында Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын милдетин аткаруучу Нурбек Сыдыков жалпы ѳздүк курамды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, майрам күндөрү белгиленген графиктин алкагында ар бир кызматкерди ишенимдүү кызмат өтөөгө чакырды.

Андан соң өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев сѳз сүйлѳп, милиция кызматкерлеринин жоопкерчиликтүү кызматтарында ийгиликтер болуусун, ѳлкѳбүздѳ тынчтык ѳкүм сүрүп, мамлекетибиздин ѳнүгүп ѳсүүсүн каалады.

Жаңы жылга карата облустун аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоодо жалпы миңден ашуун милиция кызматкери кызмат ѳтѳшѳт.

Пикир

Оставить комментарий