• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

3-январга чейин өлкө аймагында аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 29.12.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 30-декабрдан 3-январга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

30-31-декабрларда жана 1-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

1-январда күндүз, 2-январда жана 3-январда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

3-январда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

30-31-декабрларда жана 1-январда кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

30-31-декабрларда, 1-январда жана 2-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

2-январда күндүз жана 3-январда түнкүсүн бир аз кар жаашы мүмкүн.

3-январда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

30-31декабрларда жана 1-3-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

30-31декабрларда жана 1-январда кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

30-31-декабрларда жана 1-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

1-январда күндүз, 2-январда жана 3-январда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

3-январда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-3-январларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

30-31-декабрларда жана 1-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

1-январда күндүз Каракол шаарында бир аз кар жаашы күтүлөт, Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.

2-январда жана 3-январда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

3-январда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-3-январларда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

30-31-декабрларда жана 1-3-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий