• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте мамлекеттик ишмер Эсенгул Өмүралиевдин элесине арналган тегерек стол өттү

Коом 0

Бишкек, 20.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академияда мамлекеттик жана саясий ишмер Эсенгул Өмүралиевдин элесине арналган тегерек стол өттү.

Иш-чарага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, президенттин администрациясынын тышкы иштер саясатынын бөлүм башчысы Жээнбек Кулубаев, министрлер кабинетинин биринчи орун басары Арзыбек Кожошев, тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаев, Дипломатиялык академиянын ректору Чинара Адамкулова, мурдагы жана учурда иштеп жаткан мамлекеттик кызматкерлер жана Эсенгул Өмүралиевдин замандаштары катышты.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Өмүралиев жаш кезинен баштап бир кызматты ирээти менен басып өткөрүн айтат.

“Анын базар экономикасындагы мамилелерди орнотуп жаткандагы иши жогору бааланып, улам жаңы тепкичке көтөрүлүү менен вице-премьерлик кызматка чейин жеткен. Даанышман, данакер адам, ошондой эле дипломатиялык менен элчилик өнөргө ээ болгон. Сүйлөшүүгө келгенде эки жакты тең ынандыра билген, мамиле курган инсан эле. Кыргызстандын эгемендүүлүгүндө кайсы иштери менен эсте калды деген суроо жаралат? Өмүралиев Кыргызстан тараптан жумушчу топту жетектеп, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирүү жаатындагы кылган иши тарыхта калды. СССРге кирген өлкөлөрдөн айырмаланып, аталган эл аралык уюмга эң биринчилерден болуп биз мүчө болуп кирдик. АКШ ага мүчө болуш үчүн 21 жыл бою аракет көргөн. Кыргызстанга бир жыл жети ай эле керектелген”, - дейт ал.

Касмамбектов кошумчалагандай, Эсенгул Өмүралиев Жогорку Кеңештин депутаты катары дагы өкмөткө 27ге жакын протоколдук сунуш киргизген. Анын айрым сунуштары бүгүнкү күнгө чейин экономикалык саясатта кеңири пайдаланып келет.

Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Арзыбек Кожошев министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун саламын окуп берди.

“Өмүралиев Кыргызстандын тарыхында бирден-бир беделдүү саясатчылардын катарына кирет. 1991-2003-жылдар аралыгында бир нече багыттар боюнча иштерди алып барган. Ал Кыргызстандын өкүлү катары мамлекет аралык экономикалык комитетте жана экономикалык кеңеште үзүрлүү иштеген. Легендарлуу парламенттин депутаты катары Кыргызстандын “Көз карандысыздыгы жөнүндөгү” декларациянын авторлорунун бири болуп саналат”, - деп жазылат Жапаровдун кайрылуусунда.

Өмүралиев мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүнө, түптөлүшүнө өзгөчө салым кошуп кеткенин тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаев белгиледи.

“Биз анын окуучулары болобуз. Андан үлгү алып, элге ак ниет, адал иш менен кызмат кылууну үйрөндүк. Ал Украина, Белорусь, Казакстан өлкөлөрүндө элчи болуп иштеди. Кыргызстандын тышкы кызыкчылыктарын коргоодо өзүнүн дипломатиясын көрсөттү”, - деп сөз сүйлөдү министр.

Эскерте кетсек, коомдук ишмер, мурдагы вице-премьер-министр Эсенгул Өмүралиев 68 жаш курагында дүйнө салган (1950-2018-жылдары). Көп жылдык жана ак ниеттүү эмгектери үчүн ага ар кандай мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылган. Анын ичинде “Даңк” медалы жана Кыргызстандын Ардактуу грамотасы берилген.

Пикир

Оставить комментарий