• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кочкор районунда аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө азык-түлүк топтому таратылды

Аймак 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Кочкор районунда 100 үй-бүлөгө азык-түлүк топтомдору таратылды. Бул тууралуу райондук администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайрымдуулук иш-чарасы райондун тургуну Т.Жапаровдун демилгеси менен "Албир" кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында 12 жашка чейинки 100 балага спорттук костюмдар таратылды.

Пикир

Оставить комментарий