• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусу жазгы талаа иштерине 80% даяр

Аймак 0

Ош, 2-март /Кабар/. Ош облусу жазгы талаа иштерине толук даярданууда, даярдык 80-85%ды түзөт. Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн администрациясы билдирди.

Ведомстводон билдиргендей, фермерлерге бардык зарылчылыктар менен камсыз кылуу үчүн жазгы талаа иштерин координациялоо жана өткөрүү боюнча штаб түзүлгөн. Штабдын негизги милдети калкты бардык зарыл үрөөн, күйүүчү-майлоочу май, минералдык жер семирткичтер менен өз убагында камсыздоо боюнча процессти координациялоо болуп саналат.

2017-жылы 20 миң 321 га буудай, 15 миң 662 га арпа, 27 миң 91 га жүгөрү эгүү, 43 миң 158 га жерге тоют чөптөрүн өстүрүү чечими кабыл алынган. Облуста 3 миң 604 техника бар.

Пикир

Оставить комментарий