• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто Кыргызстан менен Өзбекстандын ЖОЖ ректорлорунун 1-форуму башталды

Аймак 0

Бишкек, 04.10.23. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарындагы Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде Кыргызстанн менен Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун биринчи форуму башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, форумдун салтанаттуу ачылышына КР мамлекеттик катчысы Сүйүнтбек Касмамбетов, мурдагы премьер-министр, КР Баатыры Апас Жумагулов, КР билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков, Өзбекстандын жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министринин орун басары Комилжон Каримов, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов катышты.

Мындан тышкары, иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз-Өзбек эл аралык университетине ысмы ыйгарылган Батыралы Сыдыковдун айкели ачылды. Анда Батыралы Сыдыковдун жогорку кесипкөйлүгү, ишке болгон өзгөчө жоопкерчиликтүү мамилеси, эки элдин ынтымагын чыңдоого чыныгы элдик дипломатияны чеберчилик менен колдоно билүү жөндөмдүүлүгү эскерилди.

Форумдун иши коңшу мамлекеттердин жогорку окуу жайлары ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле биргелешкен илимий долбоолорду ишке ашырууга багытталган.

"Жогорку билим берүү тутумундагы интеграция, кызматташтык жана инновациялар" аталышындагы иш-чарага эки өлкөнүн 70 жакын ЖОЖ ректорлору жана ири билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү катышууда.

Пикир

Оставить комментарий