• 88.68
  • 95
  • 0.95

Матрезервден Ош шаарына кумшекер жана күн карама майы келип түштү

Аймак 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 18-мартта, Ош шаарына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан кумшекер жана күн карама майы келип түштү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жүктөрдү Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев тосуп алып, өлкө жетекчилиги муктаж категориядагы жарандарды колдоо үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын белгиледи.

Жалпысынан 50 тонна кумшекер, 40 тонна күн карама майы алынган.

Бул продукциялар "Акниет" соода түйүндөрү аркылуу белгиленген баада: кумшекер килограммы 70 сомдон, күн карама майынын литри 130 сомдон сатылат.

Сатылуучу даректер:

  • Кулатов кичи району 16б;
  • Анар кичи району, Абдыкадыров көчөсү 205а;
  • Курманжан Датка көчөсү 226 (болжол: шаардык оорукана);
  • Абакир уулу Төрөбек көчөсү 40в (Юго-Восток);
  • И.Раззаков көчөсү 56 (Ош району);
  • У.Салиева көчөсү 40а (ХБК).

Пикир

Оставить комментарий