• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ОГПИде «ЖАРАТМАН СТУДЕНТ – 2017» сынагы өттү

Аймак 0

Бишкек, 20-апрель /Кабар/. Кечээ, 19-апрелде Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата “Жаратман студент – 2017” аталышында студенттердин чыгармачылык көргөзмө сынагы болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы К.Жылкычы уулу билдирди.

Анын маалыматы боюнча, көргөзмөгө жалпысынан 50дөн ашык студент катышып, алар өз өнөрлөрүн кол өнөрчүлүк, сүрөтчүлүк, уз-чеберчилик, ойлоп тапкычтык, дизайнерлик жана жазуучулук багыттары боюнча көрсөтүштү.

Катышуучулардын эмгегин атайын түзүлгөн калыстар тобу карап чыгып, жеңүүчүлөргө “Кыл калем”, “Ийкемдүү кол”, “Чебер кол” жана “Жети түс” сыяктуу наамдары ыйгарылды. Ал эми эң өзгөчө деп таанылган “Уз чебер” наамына килем, таар жана шалча соккон өнөр ээси ОГПИнин Табият таануу жана география факультетинин 3- курсунун студенти Адинаева Роза, “Мыкты ойлоп табуучу -2017” наамына Гуманитардык факультетинин 1-курсунун студенти Марипжан уулу Баян ээ болушту.

Баш байге болгон “Жаратман студент – 2017” наамын Кыргыз-Россия факультетинин 2-курсунун студенти Исамидин уулу Бектурали көргөзмөнүн бардык багыттары боюнча катышып, аны менен катар ок атуучу курал жана кыймылга келүүчү учкуч жасагандыгы үчүн алды.

“Иш чарага окуу жайдын ректору Б.Зулуев баштаган жетекчилик жамаат, окутуучулар жана коноктор катышышты. Өзгөчө ойлоп тапкыч, жаратмандык менен көргөзмөгө алып чыккан студенттердин эмгектерин көрүшүп, айрымдары таң калышса, көпчүлүгү сыймыктануу менен өздөрүнүн студенттерине жакшы сөздөрүн арнап өтүштү”, - деп белгиледи К.Жылкычы уулу.

Эскерте кетсек, аталган саамалыкка ректорат тарабынан чыгармачыл жаштарды колдоо максатында каралган 50 000 (элүү миң) сом байге фонду, жеңүүчүлөргө 18-май ОГПИнин күнүндө салтанаттуу түрдө тапшырылмакчы

Пикир

Оставить комментарий