• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто маршруттук каттамдар жайкы графикке өтүп, жол акысы 5 сомго арзандады

Аймак 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. Апрелден тарта Ош шаарынын аймагында каттаган маршруттук каттамдар жайкы графикке өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Кыш мезгилинде кечки саат 19:00дөн кийин жол акысы 20 сом деп бекитилген.

“Эми жайкы графикке ылайык, өзгөртүү киргизилип, жүргүнчүлөрдөн саат 21:00гө чейин 15 сомдон гана алынат. Ал эми 21:00дөн 23:00гө чейин 20 сом”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бул тариф мектеп окуучуларына тиешеси жок.

Пикир

Оставить комментарий