• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улуу Британияда коронавирустун омикрон штаммынын жаңы мутациясы табылды

COVID - 19 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/.Улуу Британиянын Саламаттык сактоо агенттиги өлкөдө COVID-19 омикрон штаммынын жаңы мутациясы табылганын жарыялады. Бул тууралуу Кыргызстандын Республикалык штабынан билдиришти.

Британиянын Саламаттык сактоо агенттигинин маалыматы боюнча, XE коронавирустун жаңы варианты - рекомбинант деп аталган BA.1 жана BA.2 штаммдарынын мутациясы.

“Изилдөөлөр көрсөткөндөй, омикрон-XE таралышы стелс-омикронго караганда 9,8 пайызга жогору. Башкы медициналык кеңешчиси профессор Сьюзен Хопкинс рекомбинанттык варианттар сейрек кездешерин жана адатта "салыштырмалуу тез" жок болуп кетерин айтат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий