• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде эки бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 04.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде эки бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынан - 1 (65 жаштагы эркек киши), Ноокат аймактык ооруканасынан – 1 (74 жаштагы эркек киши) адам көз жумду.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 4-июлга карата коронавирус жуктурган 327 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 7094тү түзөт. Алардын ичинен 2714 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 78 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий