• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 104 кишинин абалы оор, 18 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 04.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 104 бейтаптын абалы оор, анын ичинен 18 киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Учурда 670 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

“Ооруканада дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен 104 кишинин абалы оор − 18 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат. 326 кишинин абалы орточо оор, 240 бейтаптын абалы канааттандырарлык. Оорунун белгилери байкалбаган 3 миң 632 бейтап үй көзөмөлүндө болууда”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 4-июлга карата коронавирус жуктурган 327 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 7094тү түзөт. Алардын ичинен 2714 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 78 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий