• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда балдар арасында COVID-19 жуккан жалпы 3,9 миңге жакын учур катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь айында мектеп курагындагы балдар арасында коронавирус жуктуруп алгандар 2,9 эсе аз катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстанда 11-февралга карата коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 85 миң 328 адамга жетти. Алардын ичинен мектеп курагында 2 миң 464, мектепке чейинки курактагы балдардын саны 1 миң 432ни түзөт.

Окуу башталгандан бери коронавирусту жуктуруп алган мектеп курактагы балдардын саны ноябрь айында жогорку көрсөткүчтү (320 бала) көрсөткөн. Декабрда 1,5 эсе аз (214), январь айында 2,9 эсе аз (109) байкалды.

Ал эми мектепке чейинки балдар арасында 2020-жылдын ноябрь айында 175 учур катталды. Декабрь жана январь айларында 1,4 жана 1,7 эсе аз байкалган.

Пикир

Оставить комментарий