• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто былтыр 1,6 миңден ашуун жаңы жумушчу орду түзүлгөн

Аймак 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Ош шаарында 2020-жылы жаңы түзүлгөн жумуш орундардын жалпы саны 1 миң 608ди түзгөн. Бул тууралуу күн мурун өткөн Ош шаарынын мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйынында айтылды.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйынга калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме ишканалардын жетекчилери, муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.

Коллегиялык жыйындын күн тартибинде Ош шаарынын 2020-жылдагы социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн, 2020-жылды "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештерүү жана балдарды коргоо жылы" жөнүндө Жарлыктын аткарылышынын жыйынтыктары жана 2021-жылга карата милдеттер жөнүндө маселе каралып, талкууланды.

Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2020-жылдын жыйынтыгы жана 2021-жылга карата милдеттер жөнүндө биринчи вице-мэр Жылдызбек Турганбаев маалымат берип өттү.

“Ош шаарынын мэриясы отчеттук мезгил ичинде негизинен COVID-19 коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу, ооруган жарандардын дарылануусуна тиешелүү шарттарды түзүү жана 2019-2020-жылдарда Ош шаарын өнүктүрүү стратегиясында каралган иш-чараларды аткаруу боюнча максаттуу иштерди жүргүздү. Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө жеткирилген план 2 млрд 770 млн сомду түзүп, иш жүзүндө 2 млрд 683,6 млн сом жыйналып, 3,1 пайызга же 86,4 млн сомго аз аткарылган. 2020-жылдын январь-декабрында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 102,1 пайызга аткарылып, такталган пландагы 1 млрд 35,3 млн сомдун ордуна, 1 млрд 56,6 млн сом жыйналып, тапшырма 21,3 млн сомго көп аткарылган. 2020-жылы 1 209 жаңы чарба жүргүзүүчү субьект катталып, жаңы түзүлгөн жумуш орундардын жалпы саны 1 608ди түзгөн. Түзүлгөн кырдаалга карабай баардык тармактар өз милдеттерин аткарышты”, - деди Турганбаев.

Шаар башчысы жыйындын алкагында салык тармагына жашыруун салыктар боюнча иш алып барууну, мындан тышкары, дебитордук карыздар боюнча жылуулук камсыздоо жана жылуулук электр борборуна катуу талаптарды койду. Ошондой эле шаардагы мекеме-ишканаларга өз милтдеттерин так аткарып, пландалган иштерди ийгиликтүү бүтүрүү тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий