• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанга Өзбекстан Республикасынан гуманитардык жүк келди

Коом 0

Бишкек, 04.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өзбекстан Республикасынын Президентинин ортосунда жетишилген макулдашуулардын алкагында Кыргыз Республикасына кезектеги гуманитардык жүк келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык касмыздоо бөлүмү билдирет.

Гуманитардык жүк өзүнө 50 комплект кычкылтектин мобилдик концентратын жана 100 даана инвазивдүү эмес өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратын камтыйт.

Өзбекстан Кыргызстанга Кычкылтектин мобилдик концентратын жана инвазивдүү эмес өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратын камтыйт.

алпы салмагы 8 тонна болгон гуманитардык жүк авиакаттам аркылуу бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруу менен жеткирилген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнө көрсөтүлгөн көмөгү үчүн жана бир тууган өзбек элине колдоо көрсөтүүсү үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий