• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте президенттин катышуусунда Баш мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы белгиленүүдө

Коом 0

Бишкек, 05.05.23./Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Баш мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өтүүдө.

Иш-чарага ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Конституциялык соттун төрагасы Эмилбек Өскөнбаев, депутаттар жана коомдук ишмерлер катышууда.


♦Белгилей кетсек, демократиялык жана укуктук мамлекеттин түптөлүшүнө негиз салган эгемендүү Кыргызстандын биринчи Конституциясы мындан туура 30 жыл мурун, 1993-жылы 5-майда кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий