• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто «Жөө өтмөк» рейдинин жүрүшүндө 2,5 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Аймак 0

Бишкек, 04.04.22./Кабар/. Ош шаарында өткөрүлгөн «Жөө өтмөк» рейдинин жүрүшүндө жол эрежелерин бузуу фактылары катталып, протоколдор түзүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык милициясы боюнча Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 25-мартынан 4-апрелине чейин Ош шаарында «Жөө өтмөк» рейди болуп өттү.

26-апрелден 4-апрелге чейин жалпысынан 2 миң 554 жол эрежелерин бузуу фактысы орун алган. Анын ичинен жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдөн өтпөй, башка жерлерден өткөн жарандарга 97 протокол түзүлгөн.

Белгиленгендей, документи жок унаа айдагандарга 32 протокол, мас абалында унаа айдагандар 15 протокол, кошумча жабдык орнотуп алгандарга 3 протокол түзүлгөн. Ал эми айып короого 37 унаа токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий