• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаары Россиянын Омск облусу менен эки тараптуу кызматташууну өнүктүрөт

Аймак 0

Бишкек, 20.04.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Омск облусунун өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары Дмитрий Ушаков баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечеги, анын ичинде социалдык-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, гуманитардык жана соода байланыштарын чыңдоо, Омск облусунун ишкерлеринин Ош шаарынын ишкерлери менен кызматташуусу, айыл чарба азыктары менен камсыз кылуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Жетигенов өз сөзүндө Ош шаарынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнүн негизги аспектилерин белгилеп, Омск облусу менен кызматташуунун алкагында соода-экономикалык алаканын потенциалдуу багыттарына токтолду.

"Ош шаары ЕАЭБ, КМШ, ШКУ жана башка уюмдардын алкагында Россиянын көптөгөн аймактары менен активдүү кызматташууда. Россиянын облустары менен Ош шаарынын ортосундагы тышкы соода жүгүртүү 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча 80 млн АКШ долларын түзгөн. Бүгүнкү күндө Ош шаары менен Санкт-Петербург, Новосибирск, Ярославль жана Ростов-на-Дону шаарларынын ортосунда бир туугандык байланыштар түзүлдү. Биз Омск облусунун ишкерлери менен соода, текстиль өнөр жайы, туризм жана башка көптөгөн тармактарда кызматташууга кызыкдарбыз. Бизде курулуш материалдарын жана айыл чарба продуктыларын кайра иштетүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Ош шаарынын мэриясы инвесторлор үчүн мыкты шарттарды түзүүгө умтулат жана кызматташууга ар дайым даяр", - деди мэр.

Мындан тышкары, Жетигенов Омск шаарынын аймагына Ош шаарынын соода түйүнүн ачууну, ал эми Россиянын айыл чарба техникаларын Ош шаарында кураштырып чыгарууну уюштуруу демилгесин сунуштады.

Өз кезегинде делегация башчысы Ушаков айыл чарба тармагындагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, жогорку билим берүү, транспорт жана логистика, медициналык туризм тармагындагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду. Ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрү жана мал чарбасы жаатында Омск шаарынын дыйкандарынын илимий жетишкендиктерин алмашуу багытында байланыштарды чыңдоону сунуш кылды.

Ал эми биринчи вице-мэри Марс Исаев тарабынан эки тараптуу социалдык-маданий жана гуманитардык байланыштарды чыңдоо максатында Ош жана Омск шаарларынын ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү демилгеси көтөрүлдү.

Жолугушууда көтөрүлгөн демилгелер, “бир тууган шаар” мамилелерин түзүү, соода түйүнүн ачуу жана башка сунуштар колдоого алынып, жыйынтыгында тараптар кызматташуунун эки шаарга тең пайдалуу багыттары боюнча байланыштарды өнүктүрүүнү макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий