• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн Бишкектин бир катар конуштарында суу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 20.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 20-апрелде Бишкектин бир катар конуштарында суу өчүрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 20-апрелде саат 9:00дөн 22:00гө чейин "Баш-Кара-Суу" суу топтомундагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 105-контур, ЖЭБ-2 конуштарында, Достук, Ак-Ордо конуштарында (Ахунбаев көчөсүнөн түштүк тарабы), Ак-Ордо конушунда (Ахунбаев көчөсүнөн жогору), Ак-Ордо конушунда (Өмүр көчөсүнүн түштүк тарабы) суу берүү токтотулат.

Ошондой эле эртең Сокулук районунун Сарбан айылында, Жал айылында, Жогорку Орок айылында, Кашкабаш айылында суу болбойт.

Бишкек мэриясы жарандардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий