• 88.68
  • 95
  • 0.95

Араванда 200дөн ашуун айыл өкмөттү бириктирген республикалык семинар өтөт

Аймак 0

Бишкек, 20.04.23. /Кабар/. Араван районунда 200дөн ашуун айыл өкмөттү бириктирген республикалык семинар өтөт. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус башчысы Элчибек Жантаев райондун А.Анаров айыл өкмөтүндө болуп, "Жергиликтүү маселелерди чечүүдө жергиликтүү жамааттардын кызматташуусу" аттуу республикалык семинарга даярдык иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Жакынкы күндөрдө өтө турган семинар жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө байланышкан орчундуу маселелерди талкуулоо жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган.

Семинарда А. Анаров айыл аймагынын кызматкерлери жергиликтүү жамааттарга кызмат көрсөтүүдө, көйгөйлөрдү чечүүдө колдонула турган жолдорун жана кызматташуунун натыйжалуу стратегияларын үлгү катары көрсөтүп, талкуулашат.

"Бул семинар жергиликтүү жамааттар менен мамлекеттик органдардын ортосунда тажрыйба жана билим алмашуу үчүн маанилүү аянтча болуп каларына ишенем. Жергиликтүү жамааттардын кызматташуусу жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүдө өтө чоң маанилүү роль ойнойт. Мындай кызматташтыктын аркасында жергиликтүү жамааттар өз аймагында жашоонун сапатын жана инфраструктурасын жакшыртууга багытталган долбоорлорду ийгиликтүү иштеп чыгып, ишке ашыра алышат. Мындан тышкары, жергиликтүү жамааттардын кызматташтыгы жашоочулар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы ишенимди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт", - деди Жантаев.

Пикир

Оставить комментарий