• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарындагы №2 саркынды сууларды кабыл алуучу жайы реконструкцияланат

Аймак 0

Бишкек, 19.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы №2 саркынды сууларды кабыл алуучу жайы реконструкцияланат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 18-февралда аталган жайдын абалы менен шаар мэри Эрнисбек Ормоков баштаган тийиштүү жетекчилер жеринде таанышып чыкты. Учурда №2 саркынды сууларды кабыл алуучу жайында күн сайын 10 миң куб саркынды суу тазаланат. Ал эми реконструкциядан өткөн соң, күн сайын 25 миң куб саркынды сууну тазалоого мүмкүнчүлүк жаралат.

№2 саркынды сууларды кабыл алуучу жайы 1980-жылдан бери иштеп келет. Реконструкциялоо иши быйыл башталып, 2023-жылы аягына чыгарылат.

Шаар башчысы №1 саркынды сууларды кабыл алуучу жайынын абалы менен да таанышып чыкты. Аталган жай 1965-жылдары курулган. Ушул мезгилге чейин реконструкциялоо иши жүргүзүлгөн эмес. Шаар башчысы №1 саркынды сууларды кабыл алуучу жайына азырынча насос орнотулаарын, алдыда жергиликтүү бюджеттин эсебинен реконструкциялоо маселеси каралаарын билдирди.

Белгилей кетсек, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын каржылоосунда Жалал-Абад шаарында экинчи фаза менен 36 чакырым суу түтүктөрү, 7 чакырым саркынды суу түтүктөрү орнотулуп, №2 саркынды сууларды кабыл алуучу жайы реконструкцияланат.

Пикир

Оставить комментарий