• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акжол Махмудов Болгариядагы эл аралык мелдештин чейрек финалына чыкты

Спорт 0


Бишкек, 19.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Болгарияда өтүп жаткан Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык мелдешинин чейрек финалына чыкты.

Спорттук иш-чара 17-20-февралда Велико-Тырново шаарында өтүүдө.

Акжол Махмудов 77 кг салмакта турнирдин тандоо турунан баштап катышты. Алгачкы атаандашы грузиялык Бека Мамукашвилини Махмудов 5:1 эсебинде утуп алды. Ал эми мелдештин 1/8 финалында болгариялык балбанды эки ирет көтөрүп чаап, мөөнөттөн мурда жеңишти камсыздады.

Буга чейин Балбай Дордоков Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү болсо, Тынар Шаршенбеков коло байгеге татыган.

Эскерте кетсек, Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык мелдешине Кыргызстандын атынан 15 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий