• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

11-октябрда Жалал-Абаддын айрым көчөлөрүндө газ өчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 10.10.22. /Кабар/. Эртең,11-октябрда Жалал-Абад шаарынын айрым көчөлөрүндө газ өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызмты билдирет.

Маалыматка ылайык, 11-октябрда саат 09:00дөн 18:00гө чейин авариялык оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу Пушкин, Ж. Бакиев, Шопоков, Чехов, Горький, Барпы-Сейил, Кыргыз Республикасы, Москва көчөлөрүндө газ берүү токтотулат.

Жалал-Абад мэриясы жарандардан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий