• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош биринчи жолу окуучулар арасында шахмат боюнча КР чемпионаты өтөт

Аймак 0

Бишкек, 15.03.23./Кабар/. Ош шаарында алгачкы ирет мектеп окуучулары арасында шахмат боюнча Кыргызстандын биринчилиги өткөрүлөт.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, чемпионат 20-26-март күндөрү А.Мырсабеков атындагы Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун базасында өтөт.

Чемпионат ФИДЕнин эл аралык эрежелерине ылайык, республиканын бардык аймактарынан келген кыздар жана балдар (7 жаш категориясы) арасында өткөрүлөт.

Турнирдин негизги максаттары жана милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- көрсөтүлгөн жаш категорияларындагы мектеп окуучуларынын арасынан Кыргыз Республикасынын эң күчтүү шахматчыларын аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын балдар командасынын кеңейтилген курамын түзүү;
- Кыргызстанда шахматты өнүктүрүү жана жайылтуу;
- спорттук чеберчиликти жогорулатуу.

Турнирдин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери дипломдор, медалдар, кубок жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын шахмат боюнча балдар курама командасына кире алышат.

Турнирдин уюштуруучулары – КР Шахмат федерациясы менен Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети.

Пикир

Оставить комментарий