• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте "Сагынбай манасчы" тасмасы акысыз көрсөтүлөт

Коом 0

Бишкек, 22.04.23. /Кабар/. Бишкекте "Сагынбай манасчы" тасмасы акысыз көрсөтүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саяаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тасма Кыргызстандагы "Салттуу музыка жумалыгынын" алкагында эртең, 23-апрелде "Манас" кинотеатрында, саат 11:00дө көрсөтүлөт. Кирүү акысыз.

Эскерте кетсек, Бишкекте "Салттуу музыка жумалыгы" 20-апрелде башталган, маданий иш-чара 25-апрелге чейин уланмакчы.

Пикир

Оставить комментарий